Линктер

Йемендеги жардырууда алты адам мерт кетти


Йемендеги жарандык согуш 2014-жылдан бери уланып келет.

Йемендеги жарандык согуш 2014-жылдан бери уланып келет.

Йемендин Аден шаарындагы кош жардыруудан кеминде алты адам набыт кетти. Жарадарлардан саны ондон ашты. Теракт аэропорттун жанындагы аскерий базада уюштурулган.

Жергиликтүү булактардын кабарлашынча, бомба салынган бир автоунаа базанын кире беришинде жардырылса, экинчиси аскерий обьекттин ичине кирип анан жардырылган.

Азырынча теракт үчүн жоопкерчиликти эч ким ала элек.

Йемендеги жаңжал 2014-жылдан бери уланып келет. Хуси козголоңчулары менен эл аралык коомчулук тааныган президент Абд Раббу Мансур Хадинин тарапташтарынын ортосундагы кагылышуулар башталганы өлкөдө “Ислам мамлекети”, “Аль-Каида” сыяктуу экстремисттик топтордун да аракеттери күч алган. Учурда баш калаа Сана хусилердин, ал эми Аден шаары өкмөттүк күчтөрдүн колунда.

XS
SM
MD
LG