Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:06

Италия: деңиз жээгинен бир күндө 4500 качкын куткарылды


Улуттар Уюмунун соңку баяндамасында 2014-жылдан бери деңизде набыт болгон качкындардын саны 10 миңден ашканы жазылган.
Улуттар Уюмунун соңку баяндамасында 2014-жылдан бери деңизде набыт болгон качкындардын саны 10 миңден ашканы жазылган.

Жер Ортолук деңиздин Сицилия аралына жакын жерден 5-июлда 4500 мигрант куткарылды. Бул тууралуу Италиянын жээк күзөт кызматы маалымдады. Эл аралык миграция уюмунун кабарлашынча, жыл башынан бери Италияга 67 миңдей качкын кирди. Алардын басымдуу бөлүгү Ливиядан. Ошону менен бирге деңизде чөгүп өлгөн бозгундардын саны да өсүүдө. Өткөн жумада эле желим кайыктардын биринен он аялдын сөөгү табылган.

Улуттар Уюмунун соңку баяндамасында 2014-жылдан бери деңизде мерт болгон качкындардын саны 10 миңден ашканы жазылат. Алардын 2800гө жакыны быйыл набыт болушкан.

Жээк күзөт кызматы 30дан ашык куткаруу операциясын жүргүзгөнүн билдирди. Алар бул ишти Diciotti кемеси, Италиянын аскерий кемелери жана Евробиримдиктин тышкы чек арасын көзөмөлдөгөн Фронтекс уюмунун куткаруучу кемелеринин жардамы менен ишке ашырган.

XS
SM
MD
LG