Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:17

Оскар Писториус алты жылга эркинен ажыратылды


Айтылуу жөө күлүк, паралимпиадачы Оскар Писториус.
Айтылуу жөө күлүк, паралимпиадачы Оскар Писториус.

Түштүк-африкалык спортчу, жөө күлүк Оскар Писториус өзүнүн курбу кызын өлтүргөн деп айыпталып, алты жылга кесилди.

Ал өкүм угузулгандан кийин дароо камакка алынды.

Кылмыш Писториустун үйүндө 2013-жылдын 14-февралында болгон. 2014-жылдын октябрында спортчу курбу кызы Рива Стинкампты атайлап өлтүргөн деген айып менен беш жылга кесилген. Кийин прокурорлор сотко доо арыз менен кайрылышкан. Сот айыптоочулардын арызын канаттандырып, соттук процессти кайрадан уланткан.

Писториус өзүнө тагылган айыпты моюнуна алган эмес. Ал үйүнө ууру кирди деп эсептеп, курбу кызын билбестен атып алганын айтууда.

Эки бутунун тизесинен ылдый жагы ампутацияланган 26 жаштагы Писториус өз өлкөсүндө “тирүү легендага” айланган. Ал майыптыгына карабай, кесилген буттарын тизесинен ылдый улаган жабдуунун жардамы менен чуркап, Олимп оюндарына катышкан. Жеңил атлетика боюнча дүйнө чемпиондугунда байге алган.

XS
SM
MD
LG