Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:06

Багдаддагы теракттан набыт болгондордун саны 250гө жетти


Бул Саддам Хусейндин режими кулатылгандан кийинки эң ири теракт болуп калды.
Бул Саддам Хусейндин режими кулатылгандан кийинки эң ири теракт болуп калды.

Ирактын баш калаасы Багдадда 3-июлга караган түнкү бир катар жардыруулардан курман болгондордун саны 250гө жетти. Жүздөгөн адамдар жарадар болушту. Ирактын ички иштер министри Мохаммад Габбан бул окуядан кийин кызматтан кетерин жарыялады, бирок азырынча премьер-министри Хайдер Аль-Абади анын арызын кабыл ала элек.

Бул 2003-жылы бийликтен Саддам Хусейн кулатылгандан кийинки эң катуу теракт болуп калды. Жергиликтүүлөрдүн көбү коопсуздук кызматынын начар иштешине нааразы. Мындан улам теракт болгон жерге келген премьер-министрдин автоунаасы таш бараңга калганын “Аль-Жазира” телеканалы кабарлады.

Кандуу окуя үчүн жоопкерчиликти “Ислам мамлекети” экстремисттик тобу өз мойнуна алды.

XS
SM
MD
LG