Линктер

ИИМ орусиялык туристтерди тоногондорду издөөдө


Өздөрүн милиция кызматкерлерибиз деп тааныштырып, Бишкек-Балыкчы жолунда Орусиядан келген туристтерди тоногон адамдарды кармоо үчүн ИИМдин кызматкерлери Ысык-Көлгө чыгып кетишти. Ал эми Чүй облустук ИИБнын кызматкерлери окуя болгон жерде иштешүүдө. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы маалымдады.

Маалыматка ылайык, Орусиядан келген турист Дмитрий Ребров милицияга кайрылып, 4-июль күнү Бишкек-Балыкчы багытындагы айланма жолдон өздөрүн милиция кызматкерлерибиз деп тааныштырган адамдар тоноп кеткенин билдирген. Орусиялыктар оорулуу баласын Ысык-Көлгө дарылоо максатында алып бара жатышкан.

ИИМдин кабарлаганы боюнча, арызда көрсөтүлгөн автоунаанын мамлекеттик номери уурдалган болуп чыкты.

Туристтерди тоноо фактысы боюнча кылмыш иши козголуп, кылмышкерлерди кармоо үчүн Чүй, Ысык-Көл облустарында жана Бишкекте атайын иш-чаралар жүргүзүлүүдө.(ZKo)

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG