Түркиянын түндүгүндөгү Кара Деңиз боюнда жайгашкан Тогумлук кыштагына жакын жерде Sikorsky S-70 тик учагы кырсыкка учурап, жети адам набыт кетти. Сегиз адам ар кандай деңгээлдеги жаракат алышты. Кырсыктын себеби тактала элек. Премьер-министр Бинали Йылдырым кырсыкка начар аба ырайы түрткү болушу мүмкүндүгүн боолгоду:
"Аба ырайынын начарлашынан улам ар кандай маселелер жаралганын уктук. Куткаруу иштери аяктагандан кийин авариянын себептери тыкыр иликтенет".
Бийликтин маалымдашынча, тик учакта негизинен аскер кызматкерлери жана алардын үй-бүлө мүчөлөрү болгон. Кырсыкка кабылгандар Орозо Айт майрамына карата туугандарына барып, базага кайтып келатышкан. Тик учакта аскерий генерал жана анын үч баласы да болгон.