Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:10

Обама: Ооганстанда жыл аягына чейин 8400 аскер калат


АКШ президенти Барак Обама
АКШ президенти Барак Обама

АКШ президенти Барак Обама өзүнүн президенттик мөөнөтү аяктагыча Ооганстандагы америкалык аскерлердин саны 9800дөн 8400гө чейин кыскарарын билдирди.

Буга чейин Обама 2016-жылдын соңуна чейин Ооганстандагы америкалык күчтөрдүн саны 5500гө чейин кыскартыларын билдирген. Ак үйдө 6-июлда сүйлөгөн сөзүндө, Обама Ооганстандагы кырдаал дагы эле бейстабилддүү экенин, талиптер ушул күнгө чейин коркунуч туудуруп жатканын белгиледи. Ал ошондой эле ооган коопсуздук күчтөрү дагы эле алсыз экенин кошумчалады.

Президент АКШнын Ооганстанга көмөк көрсөтүүнү - ооган полициячыларын жана аскер кызматкерлерин окутуп-машыктырууну, талиптерге жана башка экстремисттик топторго каршы антитерордук операцияларды жүргүзүүдө колдоо көрсөтүүнү уланта берерин айтты. Ал жаңжалга чекит коюунун бир эле жолу талиптер менен расмий Кабулдун ортосундагы саясий сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү экенин баса белгиледи.

XS
SM
MD
LG