Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:16

"Кара-Кече" көмүр кенин комплекстүү иштетүүгө кайра тендер өтөт


"Кара-Кече" көмүр кени.

"Кара-Кече" көмүр кени.

Нарындагы "Кара-Кече" көмүр кенин комплекстүү иштетүү үчүн кайра тендер жарыяланат. Бул тууралуу экономика министринин орунбасары Алмаз Сазбаков билдирип, өкмөткө сунуштар киргизилгенин айтты. Ушул тапта инвесторлор менен жолугушуулар өтүп, шарттар түшүндүрүлүп жатат. Сынакты жогорку деңгээлде өткөрүү үчүн конкурстук комиссиянын чечими менен консалтинг компания жалдоо караштырылууда.

Нарындагы "Кара-Кече" көмүр кенин комплекстүү иштетүүнүн алкагында 1200 МВт кубаттуулуктагы жылуулук электр борборун куруу пландалган. Ага ылайык, "Кара-Кече" жана "Миң-Куш" кендери толук иштетилип, Балыкчы-Кочкор-Кара-Кече темир жолу курулмак. Бирок бул жаатта жарыяланган тендерге кызыкдар инвестор табылбагандыктан, кайрадан сынак жарыяланууда.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG