Линктер

Орусия президенти Владимир Путин өлкөнүн айрым аймактарына ушул аптага пландаган иш-сапарын токтотту. Бул тууралуу РБК каналы Кремлдеги булактарына таянып кабарлады.

5-июлда Путин Алтай аймагына барып, туризмге арналган жыйынга катышмак. 6-июлда мамлекет башчыны якутиялыктар күтуп жаткан эле. Ал жакта аймактар аралык Жалпы орусиялык элдик фронт конференциясында сөз сүйлөшү, “Азиянын балдары” деп аталган спорт оюндарынын ачылышына катышуусу керек эле. Президенттин ордуна спорттук иш-чарага өкмөт башчы Дмитрий Медведев барды.

Путиндин басма сөз катчысы Дмитрий Песков бул боюнча комментарий берип, президенттин иш-сапарлары тууралуу алдын ала эч кандай маалыматтар берилбегенин билдирди.

XS
SM
MD
LG