Линктер

Селден улам куткаруучулар күчөтүлгөн тартипте иштеп жатышат


Боом капчыгайы, 7-июль, 2016-жыл.

Боом капчыгайы, 7-июль, 2016-жыл.

Ушул күндөрү нөшөрлүү жаандан улам өлкө аймагында сел коркунучу күчөп, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары күчөтүлгөн тартипте иштеп жатышат. Мекеменин басма сөз катчысы Абдишарип Бекилов “Азаттык” радиосуна билдиргендей, бүгүн түндө Бишкек-Ош жолуна тоодон шагыл түшүп, убактылуу жабылып калды. Адистер тазалоо иштерин жүргүзгөндөн, каттам бир тарапка ачылды.

Нөшөрлүү жаандан улам Ысык-Көл, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын айрым аймактарында кооптуу кырдаал жаралып, тамаркаларды жана ички каттамдарды суу каптаган.

Эки күн мурун Ала-Букада сел бир адамды агызып, набыт болгон.

Адистер мындай аба ырайы дагы эки күн сакталып, андан соң күн кескин ысышы болжолдонууда. (SE)

XS
SM
MD
LG