Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:39

Путин менен Обама телефондо сүйлөштү


Москванын демилгеси менен шаршемби күнү Орусия президенти Владимир Путин менен АКШ президенти Барак Обама телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу Кремлдин басма сөз кызматы билдирди. Тараптар Сириядагы аскердик аракеттерин координациялоону жакшыртууга даяр экенин бекемдешти.

Путин Обаманы 20-июнда Петербургда Тоолуу Карабак жаңжалын жөнгө салуу боюнча Азербайжан жана Армения лидерлеринин катышуусунда өткөн жолугушуунун жыйынтыктары боюнча кабардар кылды.

Ак үйдүн басма сөз кызматы маалымдагандай, президент Обама Орусия жана Франция менен биргеликте ЕККУнун Минск тобунун тең төрагалары катары Тоолуу Карабактагы жаңжалды бардык тарабынан жөнгөрүүдө жигердүү иш алып барууга даяр экенин билдирди.

Обама жай тургундарга карата чабуул жасап жаткан Сирия президенти Башар Асаддын режимине каршы кысым көрсөтүүнү улантуу маанилүү экендигин белгиледи. Президенттер “Ислам мамлекети” экстремисттик тобун жана "Аль-Каиданын" Сириядагы филиалы болгон "Жабхат ан-Нусра" фронтун жеңүүнү жактай тургандыктарын кошумчалашты.

Украина маселесине келгенде Обама Путинди өлкөнүн чыгышындагы кагылышууларды токтотуу үчүн чара көрүүгө үндөдү. Ошондой эле Минск келишимин толугу менен аткаруу маанилүү экендигине токтолду.

XS
SM
MD
LG