Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:44

Кыргызстан Тажикстандан электр энергиясын алууну көздөөдө


Токтогул ГЭСи
Токтогул ГЭСи

Жайкы мезгилде Тажикстандан кошумча электр энергиясын алуу маселеси 6-июлда өкмөттүк жыйында көтөрүлдү. Вице-премьер-министр Олег Панкратов буга байланыштуу тапшырманы “Улуттук электр тармактары” жана “Электр станциялары” ишканаларына тапшырды. Өкмөттөн маалымдашкандай, Кыргызстан Тажикстандан электр энергиясын кайра кайтарып берүү шарты менен алмакчы. Мындай алмашуу Кыргызстандын Токтогул суу сактагычындагы жана Тажикстандын Вахш суу сактагычындагы сууну үнөмдүү пайдаланууга мүмкүнчүлүк берет деп айтылат маалыматта.

Өткөн жылдары Токтогул суу сактагычына суу аз топтолгондуктан Кыргызстан Казакстандан электр энергиясын сатып алууга, ал эми Тажикстандан алмашуу шарты менен кошумча ток электр кубатын алууга мажбур болгон.(ZKo)

XS
SM
MD
LG