Ала-Бука районунун Совет-Сай айлынын тургуну, 5-июлда селге агып кеткен 28 жаштагы Медербек Раевдин сөөгүн Өзбекстандын чек арачылары 6-июлда өткөрүп беришти. Маркум 5-июль күнү 16:00 чамасында селге агып, дайынсыз жоголгон. Өзбекстандык чек арачылар анын денесин ошол эле күнү түндө табышкан. Тиешелүү медициналык экспертизадан соң, сөөк 6-июлда Кыргызстандагы туугандарына өткөрүлүп берилди.
Нөшөрлөгөн жаандан улам пайда болгон сел 5-июль күнү Аксы, Ала-Бука райондорундагы үйлөрдү, короо-жайларды каптаган.(ZKo)