Линктер

Жарандык бирикме: Маңзаттарды көзөмөлдөөнү ИИМге берүү тобокелчилик


Баңгизат.

Баңгизат.

Бул тууралуу “Реформа жана жыйынтык үчүн” жарандык бирикмеси бүгүн тараткан маалыматта айтылат. Анда жарандык активисттер маңзаттарды көзөмөлдөө кызматынын ишин ИИМге өткөрүп берүү коомчулукка коркунучтуу тобокелчиликтерди жаратат деп кооптонушууда. Тобокелчиликтердин негизгилери деп ИИМдин ыктымал монополиясы, маңзаттарга каршы күрөшүүдө жазалоочу ыкмалардын көбөйүүсү жана бул тармактагы кесипкөй адистерди жоготуу болору аталган.

Ошондой эле билдирүү ээлери Кыргызстан маңзаттарга каршы күрөшүүчү кызматты жоюп, ийгиликтерге жетпегенин айтышат. 2009-жылкы тажрыйбалар көрсөткөндөй, маңзатты жок кылуу көрсөткүчү төмөндөп, милиция бул тармакта өзүм билем саясатын жүргүзгөн, эми дагы бул тартип сактоо органдарынын ичиндеги маңзат коррупциясынын өнүгүүсүнө алып келүүсү мүмкүн.

Жарандык активисттер буга жол бербөө үчүн Маңзатка каршы көзөмөлдөө кызматын Ички иштер министрлигинин алдындагы департаментке айландырууну сунушташууда. Муну менен тармакта ишин мыкты билген, кесипкөй адистер да сакталып каларын белгилешет.

Коргоо кеңеши 4-июлдагы кеңешмесинде өлкөдөгү күч түзүмдөрүн реформалоо маселесин карап, бир топ өзгөртүүлөрдү киргизген. Алардын ичинде Маңзатты көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызматты жоюп, анын функциясын ИИМге өткөрүп берүү тууралуу чечим да бар.(ZKo)

XS
SM
MD
LG