Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:54

АКШ конгрессмендери Иранга “Боинг” сатууну талкуулайт


"Боинг -737" учагы.
"Боинг -737" учагы.

Конгресстин Эл өкүлдөр палатасынын соода боюнча кичи комитетинде бүгүн талкулануучу мыйзам долбоор Иранга америкалык өндүрүштөгү “Боинг” жүргүнчү учактарынын сатылышын токтотууну көздөйт.

Кичи комитеттин төрагасы, республикачыл конгрессмен Билл Хайзинг алардын аракетин Иран “террорго демөөрчүлүк кылган өлкөлөрдүн башында” турганы менен түшүндүрдү.

Азыр Конгресстин эки палатасын тең республикачылар көзөмөлдөйт. Демократтар мыйзам долбоорго каршы чыгары күтүлүүдө. Эгер ал кабыл алынса президент Барак Обама да вето койо алат.

Ирандын АКШдан 17, 6 миллиард долларга учак сатып алуусун караган келишим эки өлкө ортосунда 1979-жылдан бери эң ири соода катары каралып жаткан.

Ага ылайык, америкалык “Боинг” компаниясы 2017-2025 –жылдардын аралыгында “Иран Эйр” компаниясына 100 жүргүнчү учакты сатмак жана лизингге бермек.

Иранга учак сатууну “Боингдин” Европадагы атаандашы –“Эйрбас” компаниясы да көздөөдө. (UE)

XS
SM
MD
LG