Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:58

Кара-Кулжада зоокага асылып калган автоунаанын жүргүнчүлөрү куткарылды


Сары-Булак айыл аймагында Ажике жайлоосуна бара жаткан “Нива” автоунаасы жолдон чыгып кетип, зоокага асылып калган. Анда айдоочу менен үч жаштагы бала болгон.

Зоокага асылып калган унааны 26-жол башкармалыгынын кызматкерлери тросттун жардамы менен тартып алып, ичиндеги кишилерди аман-эсен куткарып алышкан.(ZKo)

XS
SM
MD
LG