Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:44

Ооган президенти АКШнын аскерлер боюнча чечимин кубаттады


АКШ аскерлери Кабулда жардыруу болгон жерде. 22-август, 2012-жыл.
АКШ аскерлери Кабулда жардыруу болгон жерде. 22-август, 2012-жыл.

Ашраф Гани 7-июлдагы билдирүүсүндө Кошмо Штаттардын “айрыкча терроризмге каршы согушта кубаттуу жана ишенимдүү өнөктөш катары ролу маанилүүлүгүнө” көңүл бурду.

Мунун алдында кечээ президент Барак Обама АКШ Ооганстанда бийлик мөөнөтү аяктаганга чейин 8400 аскерин калтырарын жарыялаган эле.

Бул аскерлерди чыгаруу мурда мерчемделгенден жайлайт дегенди билдирет.

Башында Обама администрациясы аскерлер санын быйылкы жылдын соңуна карата азыркы 9800дөн 5500ге түшүрүүнү пландаган.

Обама өзүнүн соңку чечимин Ооганстандагы кырдаалдын туруксуздугу, "Талибан" али “коркунуч” жаратып жатканы, ооган коопсуздук күчтөрү али талаптагыдай кубаттана электиги менен түшүндүрдү.

АКШ президентинин айтымында, америкалык күчтөрдүн Ооганстандагы ролу өзгөрбөйт. АКШ күчтөрү мурдагыдай ооган аскерлери менен полициясына кеңеш берип, алардын "Талибанга" жана башка топторго каршы контртеррористтик операцияларына колдоо көргөзөт.

Обама кошумчалагандай, ооган жаңжалын чечүүнүн жалгыз жолу - Кабул өкмөтү менен "Талибан" ортосундагы саясий жараян. (UE)

XS
SM
MD
LG