Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:02

8-июлдун аба ырайы: Сел жүрүшү мүмкүн


Ысык-Көл, "Тамчы" абамайданы.
Ысык-Көл, "Тамчы" абамайданы.

8-июлдан 10-июлга чейинки нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн.

8-июлда Ысык-Көл облусунун көпчүлүк аймактарында өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарында түнкүсүн айрым жерлерде өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Күндүз жаан-чачын Кыргыз тоо кыркаларында болот, калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 14 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 13…18, күндүзү 27…32,

Таласта түнкүсүн 9…14, күндүзү 26…31 градус ысыйт.

Баткен облусунунда түнкүсүн 10…15, күндүзү 27…32,

Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 15…20, күндүзү 29…34 градуска чейин жогорулайт.

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 8…13, күндүзү 20…25,

Нарында 8…13, күндүзү 22…27 градус ысык болот.

Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн 1…6, күндүзү 17…22, бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -4…+1, күндүзү 7…12 градус жылуу болот.

8-июлда Бишкек шаарында жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с. Абанын түнкү температурасы 16…18°, күндүзгү температурасы 29…31° жылуу.

Ысык-Көлдүн күңгөйүндө суунун температурасы 6-июлда күндүз 21°, 7-июлда эртең менен 20° түздү.

XS
SM
MD
LG