Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:38

Керри: Орусияга каршы санкциялар алынбайт


Жон Керри жана Петро Порошенко. Киев, 7-июль, 2016-жыл.
Жон Керри жана Петро Порошенко. Киев, 7-июль, 2016-жыл.

АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керри Орусияга каршы санкциялар Минск келишими боюнча милдеттеме аткарылмайынча алынбасын бүгүн Киевден билдирүү менен төмөнкүлөрдү кошумчалады:

- Украина келишимдин шарттарын аткаруу үчүн чын ниетинен аракеттенүүдө. Мен мындан эч шек санабайм. Ал атайын макам, мунапыс берүү, саясий бийликти децентралдаштыруу жараянын баштады. Коопсуздук шарты мүмкүндүк берсе, мындан да көп нерсе жасоого умтулуп турат.

Жон Керри президент Порошенко менен бүгүнкү сүйлөшүүлөрүнөн кийин АКШ Украинага дагы 23 миллион доллар гуманитардык жардам көргөзөрүн жарыялады.

Украина чыгышындагы жаңжалды жөнгө салуу жолдору каралган Минск келишимине былтыр февралда кол коюлган. Анын талаптары аткарылбай жатканы үчүн Украина жана батыш өлкөлөрү Орусияны, Москва болсо тескерисинче, Киевди күнөөлөп келет.

АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керри Киевге бул ирет НАТОнун Варшавадагы саммити 8-июлда башталар алдында келди.

Саммитке НАТОдон колдоо жана жардам алуу үмүтүндө украин президенти Петро Порошенко да катышат. (UE)

XS
SM
MD
LG