Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:11

Столтенберг: НАТО коопсуздук боюнча чечүүчү учурга келди


Йенс Столтенберг жана Анджей Дуда. Варшава, 8-июль, 2016-жыл.
Йенс Столтенберг жана Анджей Дуда. Варшава, 8-июль, 2016-жыл.

Түндүк атлантикалык альянстын башкатчысы Йенс Столтенберг бул тууралуу бүгүн Варшавадан Польша президенти Анджей Дуда менен НАТО саммитин утурлай бирге өткөргөн маалымат жыйыны учурунда билдирди:

- Бул биздин коопсуздук үчүн чечүүчү учур. Дүйнө бир нече жыл мурдагыдан кооптуу болуп калды. НАТОго буга ыкчам жана чечкиндүүлүк менен жооп берүүдө. Эртең жана ишемби күнү биздин жамааттык коопсуздугубузду модернизациялоо боюнча маанилүү кадамдарды жасайбыз. Бул Польшада, Латвия, Литва, Эстонияда биздин аскерий турумубуз чыңдалышын да камтыйт.

НАТОнун эки жылда бир өтүүчү саммити Варшавада 8-июлда башталууда.

Европанын чыгышында Орусиянын Украинадагы аскерий аракеттеринен улам жаралган коопсуздук кырдаалы саммиттин күн тартибиндеги башкы маселелердин бири.

Орусиянын НАТОдогу элчиси Александр Грушко бейшемби күнү “Коммерсантъ” гезитинде жарыяланган интервьюсунда Түндүк атлантикалык альянсты “конфронтациялык күн тартиби” үчүн айыптап, Москва жооп чараларды көрөрүн эскертти.

Эки тарап саммиттин артынан 13-июлда Брюсселде жаңы сүйлөшүү өткөрүүнү да макулдашты.

Буга чейин НАТО – Орусия кеңешинин апрелдеги акыркы эки жылкы тыныгуудан кийинки алгачкы жыйыны “Украина жана башка бир катар маселелер боюнча терең пикир келишпестиктер” менен аяктаган. (UE)

XS
SM
MD
LG