Францияда өтүп жаткан EURO-2016 футбол чемпионатынын экинчи жарым финалында Германия менен Франция беттешип, француздар 2:0 эсебинде жеңишке жетти. Оюн 7-июлда болду.
Биринчи жарым финалда Португалия курамасы Уельс футболчуларын 2:0 менен уткан болчу.
Эми 10-июлда Франция менен Португалия финалда ойноп, Европа чемпиондугун талашышат.
EURO-2016 оюндары 10-июнда Францияда башталган. Ага быйыл 24 мамлекет катышты. (SE)