Линктер

“Азаттык” радиосу Ысык-Көлгө келатып, милиционердин кийимин кийген эки кишиге 1000 доллардай акчасын тоноткон орусиялык туристти колдоо максатында #Меймандос деп аталган акция баштады. Анын алкагында активисттер туристке жоготкон акчасын топтоп беришмекчи. Максат - кыргызстандыктар меймандос жана боорукер экенин көрсөтүп, туризмди даңазалоо.

4-июлда Токмок шаарына жакын жерде Орусиянын Волгоград облусунан Ысык-Көлдөгү санаторийлердин бирине майып баласын дарылоо максатында бараткан Дмитрий Ребровду өздөрүн милиция кызматкерлери деп тааныштырган белгисиз адамдар тоноп кетишкен. Ички иштер министрлиги окуя боюнча кылмыш ишин козгоп, иликтөө баштаган.

Кыргызстанды жакшы жактан таанытуу максатында уюштурулган #Меймандос акциясына катышууну же толук маалымат алууну каалагандар +996550506955 номурунан чалса болот. (SE)

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG