Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:25

Ирактагы шииттердин мавзолейине кол салуудан 20 киши курман болду


Багдадда 4-июлда болгон жардыруулардан кийин...
Багдадда 4-июлда болгон жардыруулардан кийин...

Ирактын Балад аймагындагы шииттердин мавзолейине 7-июлдун кечинде жасалган чабуулдан кеминде 20 адам набыт болуп, 30 киши жарат алды. Кабарларга караганда, машине менен келген жанкечти өзүн дарбазанын жанында жардырып жиберген соң куралчан кишилер мавзолейге айт майрамына байланыштуу сыйынууга келгендерге ок ачышкан. “Ал-Арабия” телеканалы күч кызматкерлери кол салгандарды токтотууга жетишкенин билдирди.

Өткөн жумада Багдад шаарында 3 жардыруу болуп, андан курман болгондордун саны 292 кишиге жеткен.

XS
SM
MD
LG