Линктер

Анткени мамлекеттик кызматкерлер бул мыйзамдар менен иштөөнү билишпейт, деп билдирди укук коргоочу Төлөйкан Исмаилова. Бул тууралуу ал 8-июлда киши сатууга каршы турууга арналган "тегерек үстөлдө" билдирди:

-Жыл башынан бери алты жолу ар кандай иш-чара өткөрүлдү. Бирок натыйжа жок. Адам сатууга каршы телерадиолордо маалымат жок, атайын социалдык ролик даярдап барсак, ОТРК андагы эл аралык уюмдун эн белгиси үчүн теледен чуркатууга көнбөй коюшту.

Укук коргоочулардын маалыматы боюнча, жыл сайын Кыргызстанда жүздөгөн адамдар киши сатуунун курмандыгы болушат. Алардын айрымдары ар кандай азгыруулардын натыйжасында чет мамлекеттерге кулчулукка сатылса, басымдуу бөлүгү өлкөнүн өзүндө эле түрдүү иштерге мажбурланып иштетилери айтылып келет.(ZKo)

XS
SM
MD
LG