Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:40

ИИМ: Туристтерди тоногондор мурунку милиционерлер


Бул тууралуу Ички иштер министрлигин маалымат катчысы Бакыт Сеитов “Азаттыкка” билдирди. Анын айтуусунда, майып баласын Ысык-Көлдөгү санаторийлердин биринде дарылатуу үчүн келе жаткан орусиялык туристтерди тоногон эки жаран кармалып, камакка алынды:

-Алар экөө тең милицияда мурда иштеп, кылмыш кылганы үчүн ички иштер органдарынан айдалган. Азыр булар экөө тең ИИМдин убактылуу камоочу жайына киргизилди.

Орусиялык туристтерди тоногондордун бири 41 жашта, экинчиси 47де. Бири 2-11-жылы чет элдиктерди карактоо фактысына аралашканы үчүн милициядан айдалса, экинчиси жол-транспорттук кылмышка тиешеси бардыгы үчүн ички иштер органдарынан бошотулган. Бакыт Сеитовдун айтуусунда, учурда бул маалыматтар да такталып жатат. Кармалгандардын баш коргоо чарасы 9-июлда сот тарабынан аныкталат. Ага чейин алардын аты-жөнү жана сүрөттөрү жарыяланбайт.

4-июлда Токмок шаарына жакын жерде Орусиянын Волгоград облусунан Ысык-Көлдөгү санаторийлердин бирине майып баласын дарылоо максатында бараткан Дмитрий Ребровду өздөрүн милиция кызматкерлери деп тааныштырган белгисиз адамдар тоноп кетишкен.(ZKo)

XS
SM
MD
LG