Боршайкомдун бүгүнкү жыйынында “Республика-Ата Журт” фракциясынын мүчөсү, ЖК депутаты Жыргалбек Саматовдун кош жарандыгына байланыштуу маалыматты карайт. Бул тууралуу БШКдагы жеке булактар маалымдашты.
Жогорку Кеңештин депутаты Жыргалбек Саматов өткөн күздөгү парламенттик шайлоодон кийин “кош жарандыгы бар” деген негиз менен мандатынан үч жолу ажыраган. Аягында Жогорку Соттун чечими менен кайра депутаттыкка келген.(EBM/ZKo)