Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:02

Борбордогу гүл дүкөндүн айланасында чыр чыкты


Бишкектин Москва - Абдрахманов көчөлөрүндөгү гүл саткан дүкөндүн бузулушу боюнча иликтөө жүрүүдө. Бул тууралуу шаардык мэриядан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, аталган жерге жеңил материалдардан гүл дүкөнүн курууга уруксат берилген. Бирок дүкөн ээлери гүл дүкөндүн ордуна курулуш эрежелерин бузуу менен капиталдык курулуш баштаганын, буга байланыштуу курулушка тыюу салынганын шаар бийлиги билдирди.

Ошондой эле шаардык мэриядагы булактар бул мыйзамсыз курулушту Жогорку Кеңештин депутаты Пархат Тулендыбаев калкалап, мэрияга басым көрсөтүп жатканы маалымдалууда.

Депутат Тулендыбаев “Азаттыкка” бул маселе боюнча мэрияга кайрылганын тастыктады. Анын айтымында, аталган гүл дүкөндүн кожоюну шайлоочу катары мыйзамдуу курулушка тоскоолдуктар болуп жатканын айтып эл өкүлүнө кайрылган.

Пархат Тулендыбаев мэрия жеке ишкерлерге негизсиз бут тосуп жатат деген пикирин билдирди.(BkA)

XS
SM
MD
LG