Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:21

Баласы абакта асынып алган Писанко акыйкатчыга кайрылды


Ал уулунун өз жанын кыюусуна эмне себеп болгонун аныктап берүүнү өтүнүп, “уулу муунуп өлдү” деген маалыматка ишенбесин билдирген. Буга байланыштуу aкыйкатчы Кубат Оторбаев 7-июлда Республикалык соттук-медициналык экспертизага барып, сөөктүн абалы менен таанышты. Кароо мезгилинде маркумдун денесинде токмоктун издери, кесилген жерлери бар экени аныкталган. Акыйкатчы ошондой эле айыпкердин өлүгү табылган убак менен анын өлгөнүн каттоочу журналга жазылган убактысында да сегиз жарым сааттык айырма экенин тактаган. Омбудсмен Кубат Оторбаев бул иш боюнча иликтеп жаткан органдарга кайрылуу жолдоп, бул фактыларды эске алууну жана иликтөөнү сунуштады.

3-июлда 25 жаштагы айыпкердин жансыз денеси Молдовановкадагы №31 түзөтүү мекемесинен табылган. Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы маркум өз футболкасына муунуп өлгөнүн билдирген. Ал эми анын жакындары жана Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбор айыпкер ур-токмоктун айынан көз жумган деп шектенүүдө.(ZKo)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG