Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:43

Багдад: шиилердин күмбөзүндөгү жардыруудан 30 адам мерт кетти


Багдадда жардыруулар токтобой жатат. 8-июлдагы жардырууга чейин өткөн жекшембидеги шаардагы теракттардан 290 адам курман болду.
Багдадда жардыруулар токтобой жатат. 8-июлдагы жардырууга чейин өткөн жекшембидеги шаардагы теракттардан 290 адам курман болду.

Ирактын баш калаасы Багдаддагы шиилердин күмбөзүндөгү жардыруудан набыт кеткендердин саны 30га жетти, 50дөн ашууну жарадар болушту.

Полициянын маалыматына ылайык, бир жанкечти шиилердин имамы Мухаммед ибн Али аль-Хадинин күмбөзүнүн кире беришинде өзүн-өзү жардырып жиберген. Андан соң бир нече куралчан адам күмбөздүн ичиндеги адамдарды көздөй ок чыгарышкан. Чабуул 7-июль күнү кечинде Орозо Айт майрамын белгилөө үчүн адамдар чогулган маалда жасалган. Теракт жоопкерчилигин “Ислам мамлекети”экстремисттик тобу өз мойнуна алды.

3-июнда Багдадда болгон кош жардыруу 300гө чукул адамдын өмүрүн алган. Бул калабадан соң Ирактын ички иштер министри Мохаммед Габбан кызматтан кетерин жарыялаган.

XS
SM
MD
LG