8-июлда облустагы өкмөт өкүлү Аскат Акибаев бир нече күн мурун болгон селдин кесепеттерин көрүп чыкты. Облус башчысы Балыкчы-Корумду жолунун сел жууп кеткен бөлүгүнө барып, ал жерде жүргүзүлгөн иштер менен таанышты. Ошондой эле ал ӨКМдин облустагы бөлүмүнө арыктарды кеңейтүүнү тапшырды:
-Жолдун курулушу менен жаңы көпүрөлөр салынууда. Ага коюлган ноолор аркылуу суунун агып өтүүсү азайып жатат. Ошондуктан, кошумча суу агуучу арыктар кенен болууга тийиш,- деп айтты облус жетекчиси.
Аскат Акибаев бул күнү ошондой эле Чолпон-Ата шаарынын сел жүргөн аймактарын да кыдырып, табигый кырсыктан короо-жайлары жабыркаган тургундар менен жолугушту. Облус башчысы элдин үйлөрүн сел каптап кетүүсүнүн алдын алуу үчүн ӨКМдин аймактык бөлүмүндө иштегендер тиешелүү чараларды көрүүгө тийиштигин белгилегенин Ысык-Көл облустук администрациясынын басма сөз кызматы кабарлады.
5-июлда катуу жааган жаандан Ысык-Көл облусунун айрым жерлерин сел жууп кеткен.(ZKo)