Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:01

Сирия: аба чабуулдардан 22 адам мерт кетти


Сириядагы чабуулдардан кырктай адам жарадар болду.
Сириядагы чабуулдардан кырктай адам жарадар болду.

Сириядагы “Аль-Нусра” экстремисттик тобунун карамагындагы Даркуш шаарында болгон аба чабуулдан кеминде 22 жай тургун набыт кетти. Соккулар кимдер тарабынан урулганы азырынча белгисиз. Сириядагы адам укуктарын көзөмөлдөгөн уюмдун билдиришинче, чабуулдан жаракат алагандардын саны кырктан ашты.

6-июлда Сирия өкмөтү ыйык Орозо Айт майрамына байланыштуу бир тараптуу 72 сааттык ок атышпоо режимин жарыялаган.

Сирияда 27-февралдан тарта Орусия жана АКШ ортомчулугу менен киргизилген ок атышпоо боюнча макулдушуу күчүнө кирген. Ошентсе да жаңжалга катышкан тараптар, Орусия менен АКШ дагы бул келишим утур-утур бузулуп жатканын билдирип келишет. Келишимдин шарттары “Ислам мамлекети”, “Аль-Нусра” сыяктуу экстремисттик топторго жайылбайт.

Сириядагы жарандык согуш башталганы 250 миң адам өлүп, 11 миллиондон ашык адам үй-жайын таштап сыртка чыгып кетүүгө мажбур болду.

XS
SM
MD
LG