Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:50

Facebook "Жашыруун сүйлөшүү" кызматын сунуштоодо


Facebook колдонуучулары ден соолугу же финансылык маселелери тууралуу жазышкан маалыматы жакшыраак корголушун каалоодо. Бул тууралуу аталган социалдык түйүндүн жетекчилиги айтып чыкты.

Жума күндөн тарта Facebook өз мессенжериндеги шифрленген каттарды тестирлей баштады. "Жашыруун сүйлөшүүлөр" деген функция конкреттүү бир адамдын конкреттүү бир гана телефондук аппарат же компьютердеги жазышууларын коргой алат. Secret Conversations кызматы жөнөтүлгөн кат окулгандан кийин анын текстин өчүрүп салат.

Колдонуучулар мындай жаңы кызмат керекпи же жокпу, өзү чечиши керек.

Facebook компаниясынан жетекчилиги маалымдагандай, бул социалдык түйүн ичиндеги сүйлөшүү, жазышуулардын баары ансыз деле жакшы корголгон, бирок ден соолугу жана акча маселесин талкуулаганда айрымдар андан да жакшыраак корголушун талап кылууда.

Бирок айрым өлкөлөрдө мамлекеттик көзөмөл күчөтүлгөн. Мисалы Орусия президенти Владимир Путин жакында кол койгон мыйзамга ылайык атайын кызматтар айрым учурда социалдык түйүндөгү жазышуулардын коргоо функциясын бузуп, ичиндегисин окууга милдеттүү болот. (RK)

XS
SM
MD
LG