Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:49

Атамбаев медицинадагы абалды талкуулады


Президент Алмазбек Атамбаев саламаттыкты сактоо тармагындагы абалды талкуулады. Кечээ министр Талантбек Батыралиевди кабыл алып мамлекет башчы реформалар, ооруларды алдын алуу, калктын ден соолугун чыңдоо боюнча кызматтарды көбөйтүү жана коомдук саламаттык сактоо кызматын оптималдаштыруу боюнча көрүлүп жаткан чаралар тууралуу маалымат алды.

Министр ошондой эле жугуштуу ооруларды алдын алуудагы иштердин жүрүшүн айтып берди. Ири медициналык мекемелерди куруу, чек арадагы санитардык-карантин пункттарын модернизациялоонун жүрүшүнө токтолду.

Президент медициналык тейлөө сапатын жогорулатууга, коррупцияны жоюуга жана мамлекеттен бөлүнгөн финансы каражаттарын натыйжалуу пайдаланууга багытталган реформаларды улантуун керектигин белгиледи. (RK)

XS
SM
MD
LG