Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:01

Обама Далластагы окуяга байланыштуу Европа сапарын кыскартты


АКШ президенти Барак Обама Далластагы окуяга байланыштуу Европа сапарын пландагандан эртерээк аяктайт. Ал мекенине жекшемби күнү кайтмай болууда.

Обама Далластагы кандуу окуядан жабыркагандар менен бирге болууну чечти.

Кечээ 25 жаштагы афроамерикалык жаран Мика Жонсон 5 полициячыны өлтүрүп, жетөөнү жарадар кылган. Ал "ак полициячыларды жек көрөрүн" билдиргени айтылууда.

Набыт болгон күч кызматкерлерине кол салуу алар Луизиана жана Миннесота штаттарында полициянын огунан каза тапкан афроамерикалыктарды эскерүү акциясына келгендерди кайтарып турганда болгон.

Обама эки окуяны тең айыптап, полиция кызматкерлеринин мамилесинде "расалык белги" бар болгонун айтты. Ошону менен катар ал полициячыларга кол салууну «тартип коргоочуларына карата атайын уюштурулган катуу чабуул» деп атады.

Келерки аптада АКШ президенти раса аралык мамиле жана күч органдарынын ишине байланыштуу көптөгөн иш-чараларга катышканы жатат.

Европада ал Варшавада өткөн НАТО саммитине катышты. (RK)

XS
SM
MD
LG