Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:07

Чүйдүн милиция ардагерлери тонолгон туристке жардам көрсөттү


Чүй облусунун милиция ардагерлери Бишкектин четинде тонолгон орусиялык туристке акчалай жардам чогултуп беришти. Жабыркаган жаран менен ардагерлердин жолугушуусу бүгүн облустук ички иштер башкармалыгында өткөнүн мекеменин маалымат катчысы Нурбек Токтосунов "Азаттыкка" кабарлады:

- Дмитрий Ребров бүгүн бизге тергөө иштерине байланыштуу келген. Ошондой эле ардагерлер аны менен жолугушуу өткөрүп, өз демилгеси боюнча чогулткан жардамын тапшырышты. Башкармалыктын жетекчилиги жергиликтүү милициянын ыкчам аракети менен кылмышка шектүүлөр тез кармалганын, учурда тергөө жүрүп жатканын айтты. Өз кезегинде Ребров ыраазылык билдирди.

Майып баласын Ысык-Көлгө дарылоого алып бараткан орусиялык үй-бүлөнүн машинасын 6-июлда Бишкектин четиндеги "Гавайи" эс алуу борборунун тушунан милиция кийимчен эки адам токтотуп, 20 миң рубль, 45 миң сом жана 100 евро акчасын алып койгон.

Бул кылмышка шектүү деп 42 жана 47 жаштагы эки жаран кармалды. Алар мурда Чүйдүн Аламүдүн жана Бишкектин Свердлов райондук ички иштер башкармалыктарында иштеп, тартип бузганы үчүн кетирилген. Бирөө кылмыш жообуна да тартылган. (RK)

XS
SM
MD
LG