Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:29

Жавади: Эрдогандын саясаты Түркияга жик салды


Аббас Жавади
Аббас Жавади

Саясий серепчилердин айтымында, бүгүн Түркия коомуна акыркы 90 жылда болуп көрбөгөндөй жарака кеткен.

Көпчүлүк талдоочулар 80 миллион калктуу өлкөнүн саясий, диний жана этностук жиктешүүсүнүн башкы себепчиси катары президент Режеп Тайип Эрдоганды аташат. Бул тууралуу “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун регионалдык директору, доктор Аббас Жавади менен интервьюда кеп кылабыз.

Президент Эрдогандын мүнөздөмөсү

“Азаттык”: “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун регионалдык директору Аббас Жавади жакында эле Түркиядагы саясий абал жөнүндө өз блогунда бир нече көлөмдүү макаланы жарыялады. Түркия боюнча адис алдагы макалаларында калкы 80 миллионду чапчып турган өлкөнүн эли саясий, диний жана этностук жактан бөлүнүп калганын чоң өкүнүч менен жазат. Ал бул ажырым үчүн президент Режеп Тайип Эрдоган жооптуу деген ишенимде:

Аббас Жавади: Менин оюмча, азыр Түркиянын эли саясий жактан аябай жиктелип калды. Анын негизги себепчиси - өлкөнүн азыркы лидери Эрдоган. Эрдоган мырза абдан эффективдүү, шатыра-шатман, күч- кубаты ташып турган, бирок элди жикке бөлгөн лидер. Ал өтө харизмалуу, бирок ал эч кимди уккусу келбейт жана эмнени жакшы деп ойлосо, ошону жасайт.

Режеп Тайип Эрдоган
Режеп Тайип Эрдоган

​Эрдоган мырза көп учурда Түркия жана анын болочогу үчүн эң жакшы деп ойлогон нерселерин күчтөп турмушка ашыргысы келет. Эрдоган өзү - система, өзү - партия, өзү - өлкө. Ал ”Менин министрлерим, "менин премьер-министрим” же “менин элчим”, “менин полициям” деп сүйлөйт. Ал бүтүн өлкөнү өзүнүн жеке чарбасындай көрөт. Биринчиден, бул Түркиянын 80 жылдык салтына караманча каршы нерсе. Анан да Эрдоган мырза, анын Адилеттик жана өнүгүү партиясы (АК) абдан эле исламчыл саясат жүргүзүүдө деп ойлойм. Экинчиден, маселенин баары өлкөнү саясий жактан бөлгөн Эрдогандын иш стилине, жетекчилигине байланышканынан шек санабайм. Ал улутту түздөн түз эле Эрдоганды жактагандар жана жактабагандар кылып бөлүп салганы талашсыз чындык. Ал дайыма алевилерге каршы суннилердин, күрттөргө каршы түрктөрдүн тарабын алды. Ошентип элди бөлүп-жарган кадамдарды жасады. АК партиясы жана Эрдоган бийликке келгенден тарта дин дагы өтө маанилүү жана коомго жик салчу күчкө айланды.

Түркиянын улутчул "Көк бөрү" кыймылы Германия элчилигинин алдында акция өткөрүүдө. Стамбул, 2-июнь, 2016-жыл
Түркиянын улутчул "Көк бөрү" кыймылы Германия элчилигинин алдында акция өткөрүүдө. Стамбул, 2-июнь, 2016-жыл

“Азаттык”: Режеп Тайип Эрдоган азыр 62 жашта. 2014-жылдын 28-августунан бери Түркия президенти. 2003-жылдын мартынан президент шайланганча өкмөттү жетектеген. Эрдоган 2001-жылы АК партиясын негиздеген. Бул партия кийинки жылкы парламенттик шайлоодо жеңип, ошондон бери бийлик чылбырын колдон чыгарбай келет.

Алевилер кимдер?

Аббас Жавади: Алевилер түрктөр жараткан диний түзүм. Алевизм Борбор Азиядан Иран аркылуу Анадолуга келип, исламды кабыл алган түрк урууларынын мистикалуу суфисттик дүйнө таанымынын бир бутагы. Ал салттуу суннизмге окшобойт. Алевизм ажыга бар, күнүгө беш маал намаз оку, мечитке бар, орозо тут, хижаб кий деп да үгүттөбөйт. Мечиттери да жок. Алевилер “Ооба, биз мусулманбыз” дешкени менен диний ибадаттарды карманууда өздөрүн эркин сезет. Эрдоган мырза жана АК партиясы мунун баарына каршы болгондуктан, алевилерди мусулман деп санабайт. Алеви кыштактарына мечит салдырганы алардын кыжырын келтирет. Бул диний жактан алганда мусулмандарды ачыктан ачык бөлүп-жаруу деп эсептейм.

Тилекке каршы, 1923-жылы Ататүрк Түркия Республикасын негиздегенден бери мамлекеттик пропаганда түрк этносун ашыкча көп даңазалап, "биз түркпүз, каныбыз түрк, Борбор Азиядан келгенбиз" деп добулбас какты. Бул чындыкка жатпайт. Генетикалык жактан алганда бүгүнкү түрктөрдүн 94% Борбор Азиядан эмес.

Алевилер менен суннилер арасында да чоң айырма бар. Бүгүнкү күнгө чейин өлкөнү республикачылар башкарып, дүниябий идеология жүргүзүлүп турганда, чон проблема болгон эмес. Ырас, диний маселелерде сунни ой жүгүртүүсү үстөмдүк кылган. Бирок бүгүн алевилерди дин бузар деп каралай албайсың, өзгөртө да албайсың. Муну мен диний айырмачылык деп билем.

Күрттөр менен түрктөрдүн ажырымы

Аббас Жавади: Түркия калкынын басымдуусу түрктөр менен күрттөр. Күрттөрдүн көбү Эрдоган мырзадай эле суннилер. Бирок түрктөр ханафи- масхабынан болсо, күрттөрдүн негизги бөлүгү шафийлер, ал эми аз бөлүгү - ханафилер. Бул да элди бөлчү фактор. Ошентсе да мусулман көпчүлүк Түркия элинин 95%, балким андан да көп бөлүгүн түзөт. Тилекке каршы, 1923-жылы Ататүрк Түркия Республикасын негиздегенден бери мамлекеттик пропаганда түрк этносун ашыкча көп даңазалап, "биз түркпүз, каныбыз түрк, Борбор Азиядан келгенбиз" деп добулбас какты. Бул чындыкка жатпайт. Генетикалык жактан алганда бүгүнкү түрктөрдүн 94% Борбор Азиядан эмес. Ооба, алардын тили түркий жана алардын бабалары Борбор Азиядан, Алтайдан экени чындык. Бирок Анкаранын же Стамбулдун көчөлөрүндө кездешкен адамдардын жүзүнө карсаңыз, алар борбор азиялыктарга эмес, гректерге, Жакынкы Чыгыштын элине, ирандыктарга, армяндарга, күрттөргө көбүрөөк окшош экенин көрөсүз. 1920-жылдары берегидей пропагандага негиз бар эле. Себеби, түрктөрдүн империясы жеңилип, алар бөлүнүп-жиктелип калган.

Диярбакырдагы күрттөр Сириянын Кобани шаарынын "ИМ" тобунан бошотулушунун майрамдоодо. 27-январь, 2015-жыл
Диярбакырдагы күрттөр Сириянын Кобани шаарынын "ИМ" тобунан бошотулушунун майрамдоодо. 27-январь, 2015-жыл

Ошого алар улуттун өз сыймыгы болушун каалашты. Ататүрктүн “Бир түрк бир дүйнөгө тете” деген сөзү бар. Муну мен расистик ураан деп атайм. Ататүрк тарыхты кайра жазуу үчүн, өлкө өзүнө ишенүүсү үчүн ушундай кылганын түшүнсө болот. Бирок XXI кылымда алдагыдай ойлоо эскичилик. Алдагыдай этностук же расалык концепция күрттөр менен болгон түшүнбөстүккө себеп болууда. “Силер Борбор Азиядан келген кезде биз бул жерде миңдеген жыл жашап жатканбыз. Силер бул жерде акыркы бир миң жылда жашап жатасыңар. Жердин негизги эгеси биз болобуз” дешет күрттөр. Күрттөр улуттук азчылыкты түзөт. Алардын саны 15 балким 20 миллион болот.

Түркия үчүн баарынан коркунучтуусу - Күрт экстремисттери. Акыркы 90-100 жылда бирдиктүү улут болуп келген Түркия азыр бөлүнүп баратат. Бул мени - Түркияны сүйгөн адамды аябай өкүнтүп, кайгыртат.

Реалдуулукка түз карасак, жаңы түрктөрдүн канында түрдүү улуттардын каны бар. Алар каны боюнча түрк, бирок расалык, этностук же генетикалык жактан Жер Ортолук денизинин атрабындагы элдер, азиялыктар, түштүк азиялыктар, борбор азиялыктар, гректер, ирандыктар, армяндар, күрттөр менен аралашкан. Эки жак тең реалдуулукка ынанып, Түркия республикасы, андан мурдагы Осмон империясы кездеги прогресске туура баа берүү ордуна каршылашып жатышат. Мунун прогресс үчүн пайдасы жок. Жогоруда эки жак деп бөлүп айткан себебим, күрт кыймылы экстремизмге башы менен кирип кетти. Менин оюмча, бүгүн Түркия үчүн кандуу террорду токтотуу баарынан маанилүү маселе. Түркия үчүн баарынан коркунучтуусу - Күрт экстремисттери. Акыркы 90-100 жылда бирдиктүү улут болуп келген Түркия азыр бөлүнүп баратат. Бул мени - Түркияны сүйгөн адамды аябай өкүнтүп, кайгыртат.

Эмне үчүн мындай болууда?

Аббас Жавади: Менин оюмча, биз бүгүн баштан кечирип жаткан нерселердин пайдубалы обол Түркия республикасы түзүлгөндө коюлган. Түркия республикасы Осмон империясы кыйрагандан улам пайда болду. XVI кылымда Осмон империясы кубатына толуп, укуругу Африка, Европа, Азия, Крымдын бир бөлүгү, Иранга чейин жеткен. Бирок XVII кылымдан баштап, түрк империясынын күнү бата баштады. Себеби, ал кезде Батыш өлкөлөрү: оторчул жана империалисттик күчтөр көтөрүлүп, Түрк Осмон империясынын колун кыскартты, таасирин чектеди.

Мустафа Кемал Ататүрк
Мустафа Кемал Ататүрк

Биринчи Дүйнөлүк согуштан кийин Осмон империясында XVII кылымдагы территориясы 1/6 же 1/7 эсеге азайган. Эгер Ататүрк болбосо, бүгүнкү Түркия болмок эмес. Түркиянын бул абалда сакталып калганы батышча ойлонгон Ататүрктүн эмгеги. Ал балким жетекчи ирети демократ адам болбогондур. Ал бул жагынан жалпы элдин маданиятына байланышкан. Ататүрк бийликти алган кезде өлкө Дүйнөлүк согушта биротоло жеңилген эле. Чынында Осмон империясынын жеңилүүсү 300-400 жыл мурда башталган. Ататүрк өлкөнү бутуна коюп, элди бакубат мамлекети бар экенине ишендириши керек болчу. Ырас, алар көп татыксыз иштерди жасады. “Түрктөр жана түрк улуту маданияты жана тили жагынан дүйнөдөгү биринчи жана эң өнүккөн мамлекет". Минтип жар салуу акылсыздык, нонсенс!

Эрдогон эч нерсени ойлоп тапкан жок. Ал 1923-жылы республика түзүлгөндө Ататүрк башында туруп куюлган фундаментке имаратты тургузуп гана койду. Бул тарыхтын табигый жолу. Тарыхты эмне үчүн бул нерсе болду, эмне үчүн мындай болгон жок деп күнөөлөй албайсың.

Ататүрк патриот жана улуттун лидери катары өз милдетин аткарды деп ойлойм. Анда улутту жана өлкөнү сактоонун башка жолу жок болчу. Ал сактачусун сактады, андан көп сакталмак да эмес. Ага катар Ататүрк элге пантүркизм идеологиясынын данын септи. Бул пайдубалы жок жасалма идеология эле. Түрк тилинин түрктөр иштеп чыккан теориясы боюнча: “Түрк тили дүйнөдөгү бардык тилдердин башаты жана Түрк цивилизациясы дүйнөдөгү бардык цивилизациянын: анын ичинде шумер, грек, перс, египет цивилизациясынын, бардык маданияттардын башаты, алдагылардын баары Түрк цивилизациясынан башталат” деп айтылат. Мен 1920-30-жылдар тууралуу айтып жатам. Бирок XX жана XXI кылымда ал сөздөрдү кайталоо караңгылык. Ошондо алынган багыт Түркияны туура эмес жакка алып кеткенинен күмөн санабайм. Эрдогон эч нерсени ойлоп тапкан жок. Ал 1923-жылы республика түзүлгөндө Ататүрк башында туруп куюлган фундаментке имаратты тургузуп гана койду. Бул тарыхтын табигый жолу. Тарыхты эмне үчүн бул нерсе болду, эмне үчүн мындай болгон жок деп күнөөлөй албайсың. Ал эми Эрдоганды лидер катары, чечкиндүү адам катары сыйлайм. Ал "Биз бул багытта барышыбыз керек, эч кандай оппозиция болбойт" деп, ушул эле таризде бардык группаларды, партияларды, конфессияларды, өлкөлөрдү бөлүүдө. Ал бүтүн Батыш дүйнөсүнө, бүтүн Чыгыш дүйнөсүнө өлкөнү каршы койду. Ал эмнеге жетишкенин түшүнүү мүмкүн эмес. Мындай саясат өлкөнү өтө жаман акыбалга алып келди.

Дүниябий лаиктерге мүнөздөмө

Аббас Жавади: Мен өзүмдү тилим боюнча нукура түркмүн деп ойлойм. Мен Түркияны абдан жакшы көрөм. Мен кокус кимдир бирөөнү көчөдөн жолуктуруп калсам «Салам алейкум» деп айтам. Тиги киши дүниябий лаик адам болсо «Ассалам алейкум» деп айтпайт. Алар демейде «Салам алейкум» деп алик алат. Мындай жоопту уккандан кийин тигил адамды кудайга ишенген мусулман, бирок эрдоганчыл эмес деп билесиз. Бирок ал «Иншалла, иншалла» деп кепти улантчу болсо, «Аа, бул динзар адам экен» деп тыянак жасайсыз. Эгер кимдир бирөө көз жумса, жаныңызда дүниябий лаик адам турса, ал «Алла рахмитилла» деп айтат. Өткөн 80 жылда дүниябий лаик адамдар динзарларга салыштырмалуу кудайга ишенбеген адамдардай болуп калышты.

Түрк кыштагынын жашоочулары
Түрк кыштагынын жашоочулары

Мен башымдан өткөн бир окуяны айтып берейин. Менин апам кудайга ишенген динзар адам болчу. Үйлөнөр алдында апама келип: «Апа, мен үйлөнөйүн деп жатам. Ал түрк» дедим. Орозо айы эле. Апам кудалары менен жолугуп келип: «Алардын баары орозо кармайт экен. Кандай сонун адамдар» деди. Бирок кийинки күнү алар менен дагы жолуккандан кийин «Аббас, алар орозо тутат экен, бирок намаз окубайт турбайбы» дебеспи мага. Лаик адамдар демейде намаз окубайт. Намазды маал-маал же диний зыяпаттар учурунда окуп коюшу мүмкүн. Алар ракы, узо же арак ичишет. Сиз «Алла рахметиласын» деп айтчу болсоңуз, лаиктер антип айтышпайт. Алар «Рахмети Алла», «Рахмет жаанат» деп да айтышпайт. «Топурагы болсун» деп гана коюшат. “Toпурагы болсун” деген диний сөз эмес. “Руху шадолсун” деген байистүү айтылган диний сөз. Дүниябийлердин оозунда андан артык мааниси жок. Алар “жаннат” деши мүмкүн, бирок эч качан “жаханаб” деп айтышпайт. Бул алар үчүн өтө эле диний сөз. Лаиктер «Иншалла, машаллах» дегенди кээ бир адамдар өтө эле диний сөз деп эсептешет. Бул күнүмдүк турмушта түрктөр ар түркүн терминдерди колдонушканын күбөлөйт.

Жарандар жоопкерчиликти лидерлер менен тең бөлүшөт

Эгер кыргыз эли билим берүү системасын совет дооруна чейин өнүктүрбөсө, бул Орусиянын же совет бийлигинин кемчилиги эмес. Бул кыргыздардын кемчилиги.

“Азаттык”: Түркия сиздин сүрөттөшүңүзчө, мозаикага окшош экен. Бирок мозаиканы түзгөн сыныктар композициялык жактан бири-бирине кынапташып, көркөмдүк жактан бир бүтүндү түзөт. Аны бөлсөңүз, сыныкка айланат. Көркүн жоготот. Түркиянын саясий жетекчилиги коомдогу жараканы тереңдетпей, мозаиканы бүтүн бойдон сактап кала алабы?

Аббас Жавади: Бул 1 миллион доллардын маселеси эмес. Бул жүздөгөн миллиард долларлык маселе. Анын жандырмагын эч ким билбейт. Баары жетекчилик жана элдин даанышмандыгына ийги. Бул Кыргызстанга да, Германияга да, АКШга да тийиштүү.

Түрк президенти Режеп Тайип Эрдоган
Түрк президенти Режеп Тайип Эрдоган

Мен өз тажрыйбама таянып, эч качан күнөөнү жалгыз гана өкмөткө жүктөгөн эмесмин. Эл да жоопкерчиликти тең көтөрүшү керек деп ойлойм. Алар ийгиликке карап бааланып, кемчиликке жараша сындалышы зарыл. Эгер кыргыз эли билим берүү системасын совет дооруна чейин өнүктүрбөсө, бул Орусиянын же совет бийлигинин кемчилиги эмес. Бул кыргыздардын кемчилиги. Силер "биз баландай жаңылыштык кетириптирбиз, тигиндей ийгиликке жетишиптирбиз" деп ачык айтышыңар абзел. Бул сөз ар бир өлкөгө жана улуттук өкмөткө да тиешелүү. Түркмөнстанда жаман иштерди жалгыз президент Бердимухаммедов жасап жаткан жок, түркмөн эли кошо жасоодо. Бул сөз Иран элине да тиешелүү. Эртең эгер АКШда Трамп мырза президент шайланса, жакшы дейбизби же жаман дейбизби, бул Америка элинин тандоосу болот. “Бизде демократия жок” деп айткандан оңой нерсе болбос. Демократия болбогон шартта да демократиялуу эмес өлкөлөрдүн жарандарында өз жашоосун жакшы кылуунун жолу бар. Мен саясий жана экономикалык жолдор эмес, аң-сезим, ой жүгүртүүбүз жана ишенимибиз жөнүндө айтып жатам.

XS
SM
MD
LG