Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:09

НАТО Польша жана Балтикада өз аскерлерин жайгаштырууну чечти


НАТО саммити. Варшава. 8-июль, 2016
НАТО саммити. Варшава. 8-июль, 2016

НАТО лидерлери Чыгыш Европада аскердик күчтөрдү жайгаштыруу боюнча жаңы чечим кабыл алышты. Бул чечим Орусия тараптан күчөп жаткан коркунучка жооп деп бааланууда жана уюмдун "кансыз согуш" аяктаган мезгилден берки алгачкы ири кадамы болууда.

Чечим 8-июлда Варшава шаарында уюмга мүчө 8 өлкөнүн лидерлеринин эки күндүк жыйынында кабыл алынды.

АКШ президенти Барак Обама "биздин трансатлантикалык альянс үчүн бул соңку 25 жылдан берки эң негизги чечимдердин бири болуп калышы мүмкүн" деген оюн айтты.

Орусиядан тышкары учурда аталган уюм өзүн "Ислам мамлекети" деп атап алган террордук уюмдун согушкерлери, киберчабуулдар, Европадан башпаанек издеп барган качкындар сыяктуу көйгөйлөргө туш болууда. Ошону менен катар Британиянын Европа биримдигинен чыгуу чечими да айрым суроолорду жаратууда.

Варшава саммитинин жыйынтыгында саны 1000 адамга жеткен төрт көп улуттуу батальон Канада, Германия, Британия жана АКШнын жетекчилиги астында иштейт деген чечим кабыл алынды. Алар Польшада жана үч Балтика өлкөсүндө жайгаштырылат. (RK)

XS
SM
MD
LG