Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:03

"Азия балдары": Дзюдочу Айбек уулу Кубанычбек алтын алды


Айбек уулу Кубанычбек
Айбек уулу Кубанычбек

Кыргызстандык дзюдочу Айбек уулу Кубанычбек Якутияда өтүп жаткан "Азия балдары" эл аралык мелдешинде алтын медал тагынды.

Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттигинин маалымат катчысынын милдетин аткаруучу Нурпери Садырбекованын "Азаттыкка" билдиргенине караганда, 46 килограммга чейинки салмакта күч сынашкан Айбек уулу 9-июлда финалда азербайжандык Али Садыговду жеңип алды.

Кыргыз балбаны ага чейин Казакстандын, Сибирдин жана Якутиянын дзюдочуларын утуп алтын үчүн таймашка чыккан эле.

Ушуну менен бул мелдеште Кыргызстандын эсебине төрт медаль чогулду.

Буга чейин Денис Петрашов брасс ыкмасы менен 200 метрге сүзүүдө алтын жана 100 метрге сүзүүдө күмүш байгеге ээ болон.

Эркин күрөшчү Тайырбек Жумашов коло медал тагынды.

Быйыл алтынчы жолу өтүп жаткан "Азия балдары" эл аралык спорттук мелдеши 6-июлда башталган.

Бул оюндар 1996-жылдан бери төрт жылда бир жолу Эл аралык олимпиада комитетинин демилгеси менен өткөрүлүп келет. Быйылкы оюндарга 36 мамлекеттен 16 жашка чейинки курактагы үч миңге жакын жаш спортчу катышууда.

Кыргызстандан спорттун 15 түрүнөн 90 спортчу мелдешке аттанган. Жалпысынан спорттун 22 түрүнөн байге коюлган мелдештер 16-июлда аяктайт. (ECh)

XS
SM
MD
LG