Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:51

Ак-Суунун мурдагы айыл чарба макамын кайтаруу сунушталат


kyrgyzstan--hail
kyrgyzstan--hail

Ысык-Көлдүн Ак-Суу районуна мурдагыдай "айыл чарбасы үчүн тобокелдиги жогору зона" деген макамды кайтаруу сунушталат. Бул тууралуу облустук бийликтен кабарлашты.

Өкмөттүн облустагы өкүлү Асхат Акибаев бүгүн райондун Бозучук, Ак-Чий, Боз-Булуң айыл аймактарын кыдырды. Бул айылдарда жакында мөндүр 2 миңге жакын гектар жерге айдалган картошка, буудай жана башка өсүмдүктөрдү талкалаган. Жаратылыш кырсыгы тийгизген зыян 55 миллион сомго жетти.

Асхат Акибаев Ак-Суу району совет мезгилинде эле климаттык шартына байланыштуу айыл чарбасын жүргүзүү үчүн тобокелдиги жогору аймак болуп эсептелгенин билдирип, дыйкан жана фермерлерди коргоо максатында мурдагы макамын кайра кайтаруу маселесин көтөрөрүн айтты.

Бул макам дыйкандарга жеңилдетилген шартта насыя же мамлекеттен компенсация алууга укук берет. (RK)

XS
SM
MD
LG