Линктер

Польшада АКШнын бир миң аскер кызматкери жайгаштырылат. Бул тууралуу Кошмо Штаттардын президенти Барак Обама Варшавада өткөн НАТО саммитинде билдирди.

АКШ баштаган батальон Польша менен Литванын ортосундагы чек аранын 100 километрлик тилкесине жакын жерде, Беларус менен Орусиянын Калининград облусунун ортосундагы жерде орун алат. Бул тилке өзгөчө мааниге ээ, себеби эгер конфликт тутанса Орусия аны басып алып, Балтика мамлекеттерин НАТО өлкөлөрүнөн тороп калышы ыктымал.

НАТОнун аскердик базаларын Орусия менен чек аралаш аймакта: Эстония, Латвия, Литва, Польша жана Румынияда ачуу тууралуу чечим эки жыл мурда Уэльсте өткөн саммитте кабыл алынган болчу. Ага ылайык, кооптуу абалга туш болгон мүчө өлкөлөргө НАТО күчтөрү эки күндөн кечикпей жетип бара алат.

Бүгүн Польшанын борбору Варшава шаарында өтүп жаткан саммитте НАТО лидерлери жаңы чечим кабыл алышты: саны 1000 адамга жеткен төрт көп улуттуу батальон Канада, Германия, Британия жана АКШнын жетекчилиги астында Польшада жана үч Балтика өлкөсүндө жайгаштырылат.

Крымды аннексиялап алган Орусиядан тышкары учурда аталган уюм өзүн "Ислам мамлекети" деп атап алган террордук уюмдун согушкерлери, киберчабуулдар, Европадан башпаанек издеп барган качкындардын ири толкуну сыяктуу көйгөйлөргө туш болууда. Ошону менен катар Британиянын Европа биримдигинен чыгуу чечими да айрым суроолорду жаратып жатат. (RK)

XS
SM
MD
LG