Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:25

НАТО лидерлери Орусияга карата бирдей турумду тандады


НАТО лидерлери Орусияга карата бирдей саясий позицияда болууну чечти. Уюмдун башкы катчысы Йенс Столтенбергдин айтуусунуда, кармануу жана ошол эле мезгилде конструктивдүү диалогду жакшыртуу максаты коюлууда.

Бүгүн Варшавада өтүп жаткан НАТО саммитинде журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып ал уюмга мүчө 28 өлкөнүн баары тең бул маселеде бирдей пикирде экенин билдирди.

Франция президенти Франсуа Олланддын "Орусия эч кандай коркунуч жаратпайт, ал биздин өнөктөш" деп кечээ айткан сөзүн комментарийлеп Столтенберг Москва мурда күтүлгөндөй стратегиялык өнөктөш боло албаганын, бирок ошол эле маалда "кансыз согуш" курсуна да кайтпаганын айтты.

- НАТО мүчөлөрүнүн бирине да коркунуч жаралган жок, бирок бүгүнкү кырдаал альянс үчүн таптакыр жаңы, - деди ал.

8-июлда НАТОгө кирген уюмдар Польшада жана Балтика өлкөлөрүндө төрт аскердик батальон жайгаштырууну чечти. Алардын курамына АКШ, Британия, Германия жана Канада аскерлери кирет.

Бул, НАТОнун айтымында, Орусия Крымды аннексиялап алганына жана Украинанын чыгышындагы жикчилерди колдоп жатканына карата жооп болот. (RK)

XS
SM
MD
LG