Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:33

Уулу гепатитке чалдыккан эне жардам суроодо


Акылбек Чымчыкеев
Акылбек Чымчыкеев

7 жаштагы уулу гепатит оорусуна чалдыккан эне Дилара Чымчыкеева жардамга муктаж болууда. Ал бүгүн "Азаттыкка" кайрылып, уулу Акылбек учурда дарынын күчү менен гана кармалып турганын, боордун трансплантациясы үчүн каражат керек болуп жатканын айтып берди. Алгачкы текшерилүүсү үчүн гана 4,7 миң доллар талап кылынууда:

- Орозонун жарымынан баштап чогулткан акчабыз 1 миң доллар турат. Бирок улам дары сатып алып жатабыз. Индияга текшерилип келүүгө акча сурап жатам. Гастроэнторологияда каттоодо турабыз. Томография жана башка документтердин баары колубузда.

Дилара Чымчыкееванын айтуусунда, ал эки уулун жалгыз өзү багып келатат. Жардам берүүнү каалагандар 0 550 69 25 09 телефон номуру аркылуу байланышса болот. (RK)

XS
SM
MD
LG