Линктер

Алматыда кечээ белгилүү казак философу, жазуучу, акын, маданият талдоочу жана котормочу Ауэзхан Кодар дүйнө салды. Ал соңку кезде жүрөгү ооруп жүргөнүн жакындары айтууда.

Ауэзхан Кодардын жазган блогдору "Азаттыктын" казак сайтына жарыяланып турчу.

Ал “Тамыр” маданий-философиялык журналын негиздеген, СССРдин жана Казакстандын Жазуучулар союздарынын мүчөсү болгон. Казак поэтикалык классикасынын котормочусу катары таанылган. 2006-жылы 15-21-кылымдарды камтыган «Казак поэзиясынын антологиясын» басып чыгарган.

Маркум 1958-жылы Кызыл-Ордодо туулган. (RK)

XS
SM
MD
LG