Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:29

Кыргызстан математика боюнча эл аралык олимпиадага катышууда


Гонконг
Гонконг

Бул күндөрү Гонконгдо өтүп жаткан эл аралык математика олимпиадасына Кыргызстандан алты окуучу катышууда. Бул тууралуу Билим жана илим министрлигинен кабарлашты.

Быйыл 57-жолу уюштурулуп жаткан таймашка дүйнөнүн булуң-бурчунан 100дөй команда катышып жатат. Жыйынтыгы 16-июлда чыгат.

Кыргызстандан ага Бишкектен Азисбек уулу Саадинур, Абдыкаимов Илларион, Караколдон Жекшеев Дослан, Кадамжайдан Жолдубай уулу Бекжол, Нарындан Исаев Абдыганы жана Токмоктон Камбаралиева Жылдыз катышууда. Баары 10-11-класстын окуучулары.

Математика боюнча эл аралык олимпиада (IMO, International Mathematical Olympiad) 1959-жылдан бери өткөрүлүп келатат. (RK)

XS
SM
MD
LG