Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:15

Сербиянын Сребреница шаарынын миңдеген тургуну 1995-жылдагы кыргындын курмандыктарын эскерди. Алар сөөгү кийин табылган 127 маркум менен коштошуу иш-чараларына катышты. Баары бир жерде өлтүрүлгөн 127 сөөктү жерге берүү зыйнаты 11-июлда өтөт.

1995-жылдын июлунда Босния сербдери Сребреница шаарында 8 миңдей мусулман эркек менен жаш балдарды кырып салган. 1992-1995-жылдардагы согуштун соңку күндөрүндө жасалган бул кыргын Европа аймагында Экинчи дүйнөлүк согуштан берки эң оор аскерий кылмыш болуп калды. (RK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG