Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:06

ЮНЕСКОнун жупка боюнча чечимине Кыргызстан да каршы чыкканы кабарланды


ЮНЕСКО уюмунун "Армениядагы лаваш" деген документине Кыргызстан да каршы чыкканы кабарланууда. АПА агенттиги Түркиянын «Vatan» гезитине шилтеме берип жазганына караганда, Азербайжан, Түркия, Иран, Кыргызстан жана Казакстан ЮНЕСКОго биргелешкен кайрылуу жазып, лавашты Армениянын материалдык эмес маданий мурасы катары тааныганына протест билдиришти.

Каршы пикир жазылган документ «Жука нан бышыруу маданияты: лаваш, катырма, жупка, юфка» деп аталат.

Аны ЮНЕСКО Материалдык эмес маданий мурасты коргоо боюнча өкмөт аралык комитеттин быйыл 28-ноябрь - 2-декабрда Эфиопиянын борборунда өтө турган жыйынында талкуулап, чечимин жарыяламай болууда.

2014-жылы ЮНЕСКО "армян наны лаваш" деген чечим кабыл алган, бирок кийин Түркия жана Азербайжан каршы чыкканда " Армениядагы лаваш" деп өзгөртүлгөн.

Ал эми Азербайжан жана 4 мамлекет даярдаган жаңы протестте лаваш бул аймакта жашаган бардык элдердин жалпы маданий мурасы экени баса белгиленди. (RK)

XS
SM
MD
LG