Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 11:44

Кыргызстандан Санкт-Петербургга жөнөп жаткан эмгек мигранттарына өлкөдөн чыгаар алдында укуктук маалымат берүү жана баргандан кийин ээ болгон жумуш ордунда кепилдиктерди камсыз кылуу программасы иштелип чыгат. Бул тууралуу кыргыз өкмөтүнөн кабарлашты.

Ошону менен катар Кыргызстандын Миграция кызматынын Маалыматтык-консультациялык борбору менен Санкт-Петербургдун "Эмгек ресурстары" мекемесинин ортосунда кызматташуу тууралуу макулдашууга кол коюлду.

Эки тараптуу кызматташтык маселелери Бишкекте 8-июлда талкууланды. Кыргызстан менен Санкт-Петербургдун өкмөттөрүнүн соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий кызматташтык боюнча комиссиясынын 8-жыйынына кыргыз тараптан вице-премьер-министр Олег Панкратов жана Санкт-Петербургдун Тышкы байланыштар комитетинин төрагасы Евгений Григорьев төрагалык кылышты.

Бейрасмий маалыматка караганда, учурда миллионго жакын кыргызстандык Орусияда эмгек мигранты болуп жүрөт. (RK)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG