Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:35

Вандагы теракттан бир кыргыз мерт кетти


Ван кыргыздары
Ван кыргыздары

Түркиянын Ван провинциясында террорчулардын жекшембиге караган түнкү кол салуусунан жабыркагандар арасында кыргыздар да бар. Бул тууралуу бүгүн "Азаттыкка" Түркиядагы этникалык кыргыздар коомунун жетекчиси Курманбек Кутлу маалымдады. Анын айтуусунда, 1 кыргыз мерт кетти:

- Соңку кырдаалга байланыштуу биздин кыргыздар да айрым бөлүктөрдө аскерлер менен кошо күзөтчүлүк кызмат өтөп жатат. Эржиш районунда күзөттө тургандар арасында 6-7 кыргыз болчу. Түнүчүндө ПКК деген террористтер тобу жардыргыч салынган машиналар менен кол салуу уюштуруп, 1 аскер менен 1 айыл күзөтчүсү каза болду.

Курманбек Кутлунун айтуусуна караганда, мындан тышкары 5 кыргыз сакчы жараат алды. Алар азыр ооруканада, алган жарааты жеңил.

Мерт болгон кыргыз күзөтчүсү Туратбек Гүрожактын жаназасы эртең, 11-июлда өтөт.

Ооганстандан көчүп барган кыргыздардын Улуу Памир айылында 3 миңдей кыргыз жашайт.

Соңку кезде Түркияда бир нече ири террордук чабуул жасалды. (RK)

XS
SM
MD
LG