Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:47

Түркияда күрт согушкерлеринин кол салуусунан аскер күчтөрүнүн алты өкүлү мерт болду


Диярбакырдын Баглар району. Март, 2016-жыл.
Диярбакырдын Баглар району. Март, 2016-жыл.

Түрк армиясы 10-июлда билдиргендей, алардын төрт аскери өлкөнүн түштүк-чыгышындагы Хаккари провинциясында, Семдинли жана Актутун деген аймакта байланыштырган жолдо бомба жарылуусунан мерт болду. Жарылуудан аскерлер түшкөн автоунаа талкаланган.

Дагы бир аскер жана мамлекет каржылаган кыштак сакчыларынын бирөөсү Ван провинциясынын Эржиш районунда өткөн түнкү кол салууда каза тапты.

Ванда мерт болгон кыштак сакчысы кыргыз экенин Түркиядагы этникалык кыргыздар коомунун жетекчиси Курманбек Кутлу “Азаттыкка” ырастады.

Курманбек Кутлунун айтымында, мындан тышкары беш кыргыз сакчысы жараат алды. Алар азыр ооруканада, алган жарааты жеңил.

Мерт болгон Туратбек Гүрожакты жерге берүү зыйнаты 11-июлда өтөт.

Расмий Анкара бул кол салуулар үчүн тыюу салынган Күрт жумушчу партиясы – ПККнын согушкерлерин айыптоодо.

Түрк өкмөтү менен ПККнун ортосунда ок атышууну токтотуу боюнча эки жылга созулган макулдашуу былтыр июлда бузулган. (UE)

XS
SM
MD
LG