Линктер

Казакстан: күйдүргүгө шектелген 25 адам ооруканага түштү


Казакстандын Павлодар облусунда күйдүргү дартына чалдыкты деген шек менен 25 киши ооруканага жаткырылды. Июнь айында бул илдет Караганда, Алматы жана Түштүк Казакстан облустарында катталган эле. Расмий маалыматтарга ылайык, Карагандада ооруга шектелген 20дан ашуун кишинин сегизинен күйдүргү аныкталып, алардын экөө каза тапты. Казакстандагы бул жагдайдан улам Кыргызстан менен Өзбекстан чек ара өткөрүү пункттарын бекемдеп, көзөмөлдү күчөттү.

XS
SM
MD
LG